“Лимонти” деген каймана аты бар Алмаз Сулайманов жатак абакка которлду

“Лимонти” деген каймана аты бар Алмаз Сулайманов жатак абакка которлду

Кылмыш дүйнөсүндө «Лимонти» деген каймана ат менен белгилүү, Алмаз Сулайманов түзөтүү колониясынан жатак абакка которулду. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын РЕПОРТЕР агенттигине билдиришинче, эми ал калган жазасын Балыкчыдагы жатак абакта өтөйт.

 “Ар бир беренеде белгиленген жаза мөөнөттү өтөгөн соң жатак абакка  которулуу керк деген атайын пунтк бар.  Ага ылайык Сулайманов атайын комиссиянын чечими менен которулду. Мыйзам боюнча соттолгондорду жаатк абакка которуунун максаты — алардын коомго аралашуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү”, — деди Сабатарова.

Алмаз Сулайманов 1998-жылы Нарында эки кишини мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталып, Нарын райондук соту тарабынан атууга буйрук кылынган. Бирок кийин өлүм жазасына мораторий жарыяланып, ал 30 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылган.

Кийн ал ден соолугуна байланыштуу деген негиз менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Бир нече жылдан кийин ал кайра кармалып, 20 жылга эркинен ажыратылган. Жаза мөөнөтү 2023-жылы бүтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>