Ливандагы жарылуудан каза болгондордун саны 78 адамга жетти

Ливандагы жарылуудан каза болгондордун саны 78 адамга жетти

Ливандын борбору Бейрут шаарында болгон жарылуудан каза тапкандардын саны 78 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн  саламаттык сактоо министрлигине таянып эл арлык маалымат агенттиктери жазып чыкты.

Маалыматка караганда, курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн. Анткени уранды астында калып дайынсыз болуп жаткандардын саны көп экендиги айтылууда.

Белгилей кетсек Бейрут шаарында 4-август күнү кечинде жарылуу болгон. Адегенде пиротехникалык каражаттар сакталган кампа жарылгандыгы кабарлаган. Кийин расмий бийлик өкүлдөрү 6 жылдан бери портто эки тоннадан ашык аммиак селитрасынын сакталып турушу жарылууга себеп болгондугун айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>