Маданият-Жалал-Абад автожолун оңдоо эмнеге токтоп турат? Жолдор министрлигинин жообу

Маданият-Жалал-Абад автожолун оңдоо эмнеге токтоп турат? Жолдор министрлигинин жообу

Бир жыл мурун башталып, бирок токтоп калган Ош-Бишкек унаа жолунун Маданият-Жалал-Абад бөлүгүндөгү жолду оңдоо иштери качан аягына чыгат? Мындай суроо менен «Репортерго» окурман кабарлап, жолдун учрдагы абалын видео жана сүрөткө тартып бизге жөнөттү.

“Жолдон ары бери өткөндө чаңып унааларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жана кыйынчылык жаралууда. Жолду оңдойбуз деп асфальтты кырып салышкан, бирок иш аягына чыкпай токтоп турат”, — деди окурман.

Узундугу 67 чакырымга созулган жолду жаңылоо үчүн Евразия өнүктүрүү банкы өткөн жылы 60 миллион доллар насыйа бөлөрүн билдирген. Жолду куру үчүн атайын тендер өткөрүлүп, Азербайжандын «АзВирт» компаниясы ишти колго алган. Бирок аталаган компания жолду жаңылоо иштерин баштап, бирок ишти токтотуп койгон.

Аталган унаа жолду оңдоо иштери эмне сепептен токтоп турганын билүү үчүн Транспорт жана жолдор министрлигине байланыштык. Министирликтин басма сөз кызматы курулуш иштин токтоп турушун каржы маселеси менен байланыштырды.

«Азвирт» компаниясы жолду жаңылоо үчүн 51,61 млн доллар сураган. Жолду  2018-жылдын 29-июнунан – 2022-жылдын 29-июнуна чейин бүтүүрүү пландалган.  Бирок, Евразиялык Өнүктүрүү Банкы (ЕАӨБ) ушул жылдын 26-апрелинде алгачкы эсепке алуу документтерин алганга чейин айтылган долбоорду каржылоону токтото турууну билдирген. Каржы министрлиги подрядчынын аткарган ишин төлөө билдирмесин жөнөткөн. Бирок ушул күнгө чейин акча каражат төлөнүп бериле элек. Ишти колго алган компанияга көрсөтүлгөн сумманын 4,9% төлөнгөн”, — деди министрликтин басма сөз кызматы.

Министрликтен кошумчалагандай, Евразиялык өнүктүрүү банкы менен Транспорт жана жол министрлигинин, ушул жылдын июль айында өткөн бир нече жолку сүйлөшүүсүнөн кийин каржылоо иштери кайра улантылмай болгон.

Июль айында Азаттык «Азвирт» компаниясы  курулушта иштеген жумушчуларга май айынан бери айлык бере элек экенин жазган. Жалпысынан компания 400дөн ашуун адамга 600 миң долларга жакын акча карыз.

Белгилей кетек, 2005-жылдары Ош-Бишкек жолун жаңылоо учурунда Маданият-Жалал-Абад бөлүгү каражат жетишсиз деген себеп менен оңдоодон өткөн эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>