Майдагы майрамдарга карата эс алуу күндөр аныкталды

Майдагы майрамдарга карата эс алуу күндөр аныкталды

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги алдыдагы май майрамдарындагы эс алуу күндөрү тууралуу маалымдады.

Эмгек кодексинде жумуш эмес майрам күндөрү белгиленген:

1-Май — Эмгек майрамы;

5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;

9-май — Жеңиш күнү.

Быйыл 1-май дем алыш күнгө туш келгендиктен анын ордуна кыргызстандыктар 3-майда эс алышмак, бирок ал эс алуу күнү өкмөттүн токтому менен 8-январга которулуп калган.

Ошентип, 3-май жумуш күнү, 5-май жана 9-май — эс алуу күнү болот. Жеңиш күнү жекшембиге туш келгендиктен 10-май дагы эс алуу болот. Мындан тышкары Орозо айт дагы 12-майга же 13-майга туура келет. Аны Муфтият айдын жаңырышына жараша аныктайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>