Майдагы майрамдарга карата эс алуу күндөр аныкталды

Майдагы майрамдарга карата эс алуу күндөр аныкталды

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги алдыдагы май майрамдарындагы эс алуу күндөрүн айтты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жумуш эмес майрам күндөрү белгиленген:

1-Май — Эмгек майрамы;

5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;

9-май — Жеңиш күнү.

Быйыл 1-май быйыл дем алыш күнгө туш келгендиктен анын ордуна кыргызстандыктар 3-майда эс алышмак, бирок ал эс алуу күнү өкмөттүн токтому менен 8-январга которулуп калган.

Ошентип, 3-май жумуш күнү, 5-май жана 9-май — эс алуу күнү болот. Жеңиш күнү жекшембиге туш келгендиктен 10-май дагы эс алуу болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>