Максат айылында жаңы үйлөр курула баштады

Максат айылында жаңы үйлөр курула баштады

Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Интернационал айылдарында жумушчу сапар менен болду.

Ыйгарым укуктуу өкүл менен президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча облустагы өкүлү Мамыржан Рахимов менен бирге, куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жана калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүн жеринде көрүп чыгышкан.

Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү тугундарды сабырдуулукка чакырып, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңул бурулаарын, кыска аралыкта турак үйлөрдү куруу, жарандардын жоголгон документтерин берүү иштери аткарылаарын белгилеген. Ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилерге, тазалоо иштери аяктаган жерлерде, турак үйлөрдүн курулушун баштоону тапшырган. Турак үйлөрдүн курулушун бүгүн, 11-майда баштоо пландаштырылган.

Белгилей кетсек, чек арадагы окуядан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлгөн.

Учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тигилип, электр энергия калыбына келтирген жана таза суу менен сугат суу берилип жатканы кабарланат.

Максат айылында 1200 эл, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>