Малаховдун кемсинтүүсү: Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Ташиевдин сынына жооп кылды

Малаховдун кемсинтүүсү: Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Ташиевдин сынына жооп кылды

Айрым саясатчылар менен журналисттер Малаховдун сүйлөгөн сөзү боюнча упай топтоого аракет кылууда. Мындай пикирди  Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов саясатчы Камчыбек Ташиевдин сынына жазган жообунда белгилеп өткөн.

Элчи келип чыккан жагымсыз көрүнүшкө күйүп бышканы үчүн Ташиевди түшүнүү менен кабыл аларын билдирген.

“Элчилик бул жагдайга кылдат мамиле кылып, укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барат. Биз үчүн биринчи кезекте Малаховдун сөзү эмес, мекендешибиздин тагдыры маанилүү. Мен дипломат катары популизм менен алектенүүгө жана мекендештерибиздин тагдыры менен ойноого акым жок. Сиз экөөбүз соттук проссецтерди башыбыздан өткөрдүк. Мамлекеттик машина жеке адамга кандай кыйынчылык алып келерин менден жакшы билесиз. Мен саясатчы жана ыйгарым укуктуу элчи катары биричи орунга адам укуктарын коемун. Биздин милдет кандай учур болбосун мекендештерибиздин укугун коргоо.”, — деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.

Эске салсак, 24-сентябрда теле алып баруучуАндрей Малахов “Россия 1” телеканалынын түз эфириндеги  орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүүдө Исламбек Акбаровду  адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинткен.

Көп өтпөй социалдык тармактын колдонуучулары “Россия 1” телеканалынан жана Малаховдон кыргыздарды мазактаганы үчүн кечирим суроону талап кылып, #maLOHov деген хештег менен флешмоб башташкан.

Андан соң Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жана бир нече шоу-бизнес өкүлдөрү Малаховдун айткандарына үн катышкан. Ал эми саясатчы Камчыбек Ташиев “орус журналистинин кыргыз элин кемсинткен сөздөрүнө үн катпайт” деп Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун ишин сынга алган.

Бүгүн 27-сентябрда ушул жаңжалга байланыштуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Тышкы иштер минстрлигине  чакырылды

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>