Мамипотека Бишкектен 25 млн. сомго турак-жай сатып алат

Мамипотека  Бишкектен 25 млн. сомго турак-жай сатып алат

Мамлекеттик ипотекалык компания 25 миллион сомго батир сатып алуу үчүн тендерди мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыялады.

Маалыматка караганда, турак-жай жашоого даяр жана ичин өзү оңдоп алууга ылайыктуу болушу шарт. Ошондой эле 2010-жылдан кийин курулган үйлөр болушу кажет. Мейманкана түрүндөгүлөр болбойт. Тендер эки этап менен өткөрүлөт.

1) Түштүк магистраль, Жаш гвардия бульвары, Жибек Жолу жана 7-Апрель көчөсүндөгү аймактарда жайгашкан турак жайлар керек. Батирдин баасы — 1 чарчы метри 60 миң сомдон ашпашы зарыл.

2) Бишкектин айланасындагы батирлер алынат. Алардын баасы 1 чарчы метри 50 миң сомдон ашпашы керек.

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрынан бери иштей баштады. «Жеңилдетилген ипотека» 4% менен мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине жана «Жеткиликтүү ипотека» 8% менен башка категориядагы бардык жарандарга берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>