“Манас” аэропорту өлкөгө келип жаткан санавиациянын учактары боюнча түшүндүрмө берди

“Манас” аэропорту өлкөгө келип жаткан санавиациянын учактары боюнча түшүндүрмө берди

Эл аралык “Манас” аэропорту өлкөгө келип жаткан санавиациянын учактары бонча түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, учактар чиновниктер үчүн келген деген сөздөр  чындыкка дал келбейт.

“Бул каттамдар жүргүнчүлөрдүн билдирмеси менен медициналык эвакуациялоо максатында, ошондой эле камсыздандыруу учурларында аткарылат. Аталган каттамдар менен чет элдик дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик жарандар пайдаланат. Кыргызстандын жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес”, – деп жазылат маалыматта.

“Манас” аэропорту аркылуу өздөрүнүн өлкөлөрүнө учуп кете албай жаткан чет элдик жарандарды эвакуациялоо үчүн чартердик каттамдар аткарылып жатканы айтылат.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары,  санавиациянын учактары кимдерге жана эмне  үчүн келип жатканына кызыгышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>