«Манас» аэропортун татарстандык компанияга 25 жылга берүү пландалууда

«Манас» аэропортун татарстандык компанияга 25 жылга берүү пландалууда

«Манас» аэропортун 100 миллион долларлык инвестицияга Татарстандын «Ядран» компаниясына 25 жылга берүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу жеке булактар билдиргенин «Акчабар» жазган.

2021-жылы февраль айында «Манас» аэропортунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалган Бакыт Шаршеев Татарстандан келген «Ядран» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Бизге андагы сүйлөшүүлөрдүн айрым деталдары белгилүү болду. Маалымат булактар билдиргендей, Татарстан компаниясы 25 жылдык мөөнөткө стратегиялык объектти башкарууну колго алууну сунуш кылган. Буга жооп кылып, алар авиабазаны өнүктүрүүгө 100 миллион доллар инвестиция салууга убада берген. Шаршеев келишимге макул болуп, учурда “Манас” ААКнын жетекчилиги бүтүмдү жүргүзүү үчүн бардык документтерди даярдап жатканы маалым болду.

Эске салсак, бүгүнкү күндө «Манас» аэропортунун башкы акционери – мамлекет жана маммүлктү башкаруу фонду сунуш кылган акциялардын 79,05% ээлик кылат. Ушуга байланыштуу Бакыт Шаршеев стратегиялык объектини жалгыз өткөрүп берүү чечимин кандайча кабыл алгандыгы белгисиз. «Акчабар» мүлк фонду менен байланышканда, алар келишим жөнүндө маалыматты тастыкташкан да, төгүндөшкөн да жок. Бул маселе боюнча 20-апрелде байланышууну суранышты.

Негизи ушул жылдар аралыгында аэропортту көзөмөлгө алууга, үлүшкө кирүүгө көптөгөн чет элдик компаниялар кызыктар болгон. Алардын арасында авиация тармагын өнүктүрүүдө бир топ тажрыйбалуу жана олуттуу ресурстарга ээ компаниялар да бар эле.

Эми “Ядран” компаниясына келсек, Yadrangroup.com компаниясынын расмий сайты эмнегедир ачылбай жатат. Компания “Ядран-групптун” курамына кирери ачык булактардан белгилүү болду. Юридикалык дареги: Татарстан Республикасы, Казань, Привольная 2-я көчөсү, 33А, ОФИС. 2. Негизги ишмердүүлүгү каржы-өнөр жай топторун башкаруу болуп саналат. Компаниянын башкы директору катары Айнур Камалиев көрсөтүлгөн. Ал РОО “ФРБИ РТ”, ЖЧК “АГРОЖИЛИНВЕСТ”, ЖЧК “СУБАЙ”, ЖЧК “ТҮБЕТЕЙ”, ЖЧК “ТЮБЕТЕЙ УК” ишканаларына тиешеси бар. “Ядран-групп” ошондой эле дагы 13 юридикалык жак менен байланышта.

Кызыгы, Synapsenet.ru сайтынын маалыматы боюнча, 2016-2018-жылдар аралыгында компания таза кирешеге жетпей, чыгым менен иштеп келген. Ошол эле учурда, уставдык капиталдын көлөмү 10 миң рублди түзгөнү да бет кызартат.

Буга чейин сырткы инвесторлорго компанияны өткөрүп берүү аракеттеринин бардыгы элдин каршылыгы менен аяктаган. Себеби «Манас» ААК азыркы учурда мамлекеттик акциясы бар кирешелүү бирден-бир компания. 2019-жылы компаниянын таза пайдасы 2 108 254 000 сомду түздү. Мамлекет өз кезегинде дивиденд түрүндө 1 миллиард сомдон ашык акча алган.

Татарстан компаниясына «Манас» аэропортун өткөрүп берүүгө эмне себеп болушун так айтуу азырынча кыйын. Балким, анын кесепети COVID-19 пандемиясы болуп, мунун айынан 2020-жылы порттун иши толугу менен алдыга жылбай калганы себеп болгон чыгар. Маселен, жылдык жыйында компаниянын 2020-жылга таза кирешеси 107 миллион 503 миң сом суммасында бекитилип, 94,9% төмөндөгөнү белгилүү болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>