«Манас» аэропортунан 39 жаштагы жарандын өлтүрүлгөн жансыз денеси унаа багажынан табылды

«Манас» аэропортунан 39 жаштагы жарандын өлтүрүлгөн жансыз денеси унаа багажынан табылды

“Манас” эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан 39 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу «Элдик Медиа» өздүк булак билдиргенин жазды.

Маалымдалгандай, кечээ 22-октябрда белгисиз адамдар жаранды өлтүрүп, сөөгүн багажга салып кетишкен. Маркумдун сөөгү бүгүн табылды.
Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон адам Чүй облусундагы Комсомол айылынын тургуну болгон. Ал үйүнөн аэропортко кеткен бойдон дайынын чыгарган эмес. Сарсанаа болгон иниси аэропорттун милициясына арыз жазган. Издөө иштери жүрүп, четте токтоп турган унааны текшергенде, багажынан киши колдуу өлтүрүлгөн жарандын сөөгү табылган.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>