Марипов: Кийинки кеңешмеге жаңы тизме даяр болбосо, көптөгөн жетекчилер менен коштошобуз

Марипов: Кийинки кеңешмеге жаңы тизме даяр болбосо, көптөгөн жетекчилер менен коштошобуз

Биздин негизги милдеттерибиздин бири – калкты жеткиликтүү баалар боюнча дары-дармектер менен камсыздоо. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын Тизимин талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирген.

“Салыктык жеңилдиктердин айынан республикалык бюджет жыл сайын 25 миллиард сомго чейин жоготууда. Дары-дармек каражаттарына белгилүү жеңилдиктер болушу керек. Негизги товарлар Орусиядан келет, бирок андагы жана бул жердеги бааларды салыштыра келгенде чоң айырмачылыктар орун алган. Жеткирүүчүлөр жана дарыкана тармагы акча табышат, ал эми карапайым калк кыйналууда. Эгерде КНС төлөөдөн бошотуу баалардын төмөндөшүнө таасир эте албаса, жеңилдиктерди берүү режимин пайдалануунун кажети барбы», — деп белгилеген Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы КНСтен бошотулган дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдардын жаңы тизимин аныктоонун маанилүүүлүгүн белгиледи.

“КНСтен бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын Тизими 2013-жылы бекитилген. Бүгүнкү күндө аталган тизимде 161 аталыш көрсөтүлгөн. Тизмеде жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизимине кирбеген дармектер бар. Тизмеде жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди гана калтырып, калгандары үчүн КНС киргизүүнү сунуштайм. Кеңешмелерде талкуу жүрүп жатканы менен жаңы Тизимди аныктай албай келебиз. Эгерде кийинки кеңешмеге себептери негизделген жаңы тизме даяр болбосо, анда көптөгөн жетекчилер менен коштошууга аргасыз болобуз. Антпесе бул узакка созулуп, дары-дармекти жеткиликтүү баада сатып ала албаган катардагы жарандар жапа чегип калат», — деп жыйынтыктаган Улукбек Марипов.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>