Марипов жаңы орун басарларын министрлер кабинетине тааныштырды

Марипов жаңы орун басарларын министрлер кабинетине тааныштырды

Улукбек Марипов министрлер кабинетинин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, ошондой эле кабинеттин мүчөлөрүнө жаңы орун басарларын тааныштырды.

Ал алдыдагы негизги максат – республикада орун алган экономикалык абалдан чыгуу экенин белгилеген.

“Министрлер Кабинетинин астына так милдет – экономикалык туруктуулукту камсыздоо, экономиканы өстүрүү жана жарандардын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү милдети коюлган. Буга катар мамлекет тарабынан алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткаруу зарыл, Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган инфраструктуралык жана социалдык обьектилерди калыбына келтирүү иштери сапаттуу деңгээлде жүргүзүлүшү тийиш. Мындан тышкары, калкты вакцинациялоо боюнча кеңири масштабдагы ишти жүргүзүү, жаңы тарифтик саясат боюнча түшүндүрүү иштерин улантуу керек. Өзгөчө көңүлдү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана чек ара маселелерин чечүүгө буруу зарыл”, — деген Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин ачык-айкын иш алып барууга чакырган.

“Ар бир жарандын кайрылуусу ыкчам чечилиши керек. Адамдар айласы кеткендиктен Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгуусуна жеткирбөө керек. Эгерде ар бир мамлекеттик орган кайрылуулар менен ыкчам иш алып барса, бул бийлик органдарына карата ишенимди арттырып, жарандардын турмуш-шартын жеңилдетүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет», — деп жыйынтыктаган Марипов.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>