Масалиев: Өлкөдө “стокгольм синдрому» бийликти басып алгандарды колдошууда

Масалиев: Өлкөдө “стокгольм синдрому» бийликти басып алгандарды колдошууда

Өлкөдө ишкерлер кысымга кабылып, активисттер коркутууларга дуушар болууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев “Фейсбук” баракчасына жазды. 

Мындан сырткары азыркы бийликке болгон колдоону “стокго́льм синдромуна» салыштырган.

“1973-жылы Стокгольмда бир кылмышкер канча бир убакыт 4 адамды барымтада кармап отурган.  Кылмышкер менен барымтага алынган адамдардын ортосунда кандайдыр бир башкача, кийин  “стокго́льм синдрому» аталган байланыш пайда болгон. Барымтадагылар ага жылуу мамиле кылышкан жана аны коргоп да чыгышкан. 

Биздин өлкөдө да ушундай абал – адамдардын тобу күч менен бийликти басып алышты. Андан да кызыгы жарандар ушул гана адамдар шайланууга татыктуу деп аларды сүйө башташты.  Бирок алар парламенттик шайлоого тыюу салышты, ишкерлерди кысымга алууда, айрым активисттерди коркутууда, чайга чакырышат, алардын чайынан кийин талапкер күрөштөн баш тартууда…

Коркунучтуу чекке жакындап баратабыз достор”, — деп жазган саясатчы. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>