Массалык мушташтан улам Араван РИИБинин башчысы Сактан Исмаилов кызматтан алынды

Массалык мушташтан улам Араван РИИБинин башчысы Сактан Исмаилов кызматтан алынды

Бүгүн, 21-сентябрда Ош облусунун Араван районунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Сактан Исмаилов аталган райондогу коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчилиги үчүн кызматтан алынды жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Алар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө аталган райондогу коомдук тартипти камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн жазаланышууда.

Ал эми бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

ИИМ эскертет: «Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чагымчыл кылгандарга, атайылап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде кескин катуу чараларды көрөт жана коомдук тартип бузууга жол бербейт».

20-сентябрь күнү кечинде Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>