Медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө 243 млн сом бөлүндү

Медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө 243 млн сом бөлүндү

Республикалык бюджеттен коронавирус инфекциясын (COVID-19) жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон 1165 медициналык кызматкерге бир жолку акчалай компенсация төлөөгө 243 миллион сом бөлүндү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдиргендей, тийиштүү чечимге ал өзү кол койгон.

Белгилей кетсек, 16-апрелде Бишкек шаарынын, Чүй облусунун жана Нарын облусунан келген айрым медицина кызматкерлери тынчтык митингине чыгышкан. Алар пандемияда убадаланган бир жолу төлөнүүчү кенемтени берүүнү, медицина кызматкерлеринин айлык маянасын заманга ылайык көтөрүп берүүнү, профсоюздан баш тартуу жана аны леквидациялоону талап кылышкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>