Медиктердин компенсациясын кечеңдеткен акимге сөгүш жарыяланды  

Медиктердин компенсациясын кечеңдеткен акимге сөгүш жарыяланды  

Республикалык ыкчам штабдын чечимдеринин аткарылышын кечеңдеткен Сокулук районунун акимине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койгон.

“Сокулук районунун акими Асылбек Сатывалдиев өзүнүн кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы жана Республикалык ыкчам штабдын чечимдеринин аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш жарыяланган. Аталган кемчиликтин натыйжасында Сокулук районунун COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптары менен иш алып барган медициналык кызматкерлердин тийиштүү компенсациялык төлөмдөрүнүн кармалышы келип чыккан”, — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында медициналык кызматкерлерге тийиштүү кошумча төлөмдөрдүн кармалуусу тууралуу маселени карап чыгып, ага жол берген жооптуу жактарга карата тартиптик жаза иретинде чара кабыл алуу маселесин тапшырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>