MegaCom’дун «Киоск» кызматы: алдыңкы белгилүү журналдар сиздин смартфонуңузда

MegaCom’дун «Киоск» кызматы: алдыңкы белгилүү журналдар сиздин смартфонуңузда

MegaCom «Киоск» жаңы кызматын ишке киргизет. Эми бардык популярдуу журналдарды ыңгайлуу форматта телефондон же планшеттен окуй берсе болот.  

Forbes, GQ, Glamour, Vogue, Psychologies, 4х4 Club, Cosmopolitan, Vizitka.Kg сыяктуу ондогон белгилүү басылмалар «Киоск» тейлөөсүнүн жардамы менен дайым колуңузда. 

Бардык журналдар телефондун, планшеттин же компьютердин мониторуна автоматтык түрдө ылайыкташып, абоненттердин актуалдуу жана сапаттуу журналдарды ыңгайлуу форматта окуусуна шарт түзөт. MegaCom’дун бардык абоненттерине журналдарды көрүү үчүн трафик акысыз болот. 

Биздин абоненттер кагаз басылманы көтөрүп жүрбөй, сүйүктүү журналдарын каалаган маалында, каалаган жерден окуу мүмкүнчүлүгүн баалайт деп ишенебиз. 

«Киоск» кызматынын колдонуучулары популярдуу журналдардын китепканасынан күнүнө 3,5 сом төлөп чексиз пайдалана алышат, ал эми басылманын бир номери эле бул баадан 10 эсе кымбат турарын айта кетели. Мындан тышкары, тейлөөнү алгачкы жолу кошуп алууда порталдын мүмкүнчүлүктөрүн баалоо үчүн 72 сааттык (3 күн) триал-мөөнөт берилет. Муну менен катар кызмат журналдардын жаңы сандарын эле эмес, эски чыгарылыштарынын архивин да камтыйт.  

«Киоск» кызматын USSD-командасы аркылуу *4021*1# сандарын терип же kiosk.megacom.kg шилтемеси аркылуу өтүп кошуп алыңыздар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>