«Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Мекенчилдин» мүчөлөрү кайда?

«Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Мекенчилдин» мүчөлөрү кайда?

Кыргызстан кайрадан парламенттик шайлоого даярданууда. Биринчи этапта шайлоого катышууну каалаган партиялардын тизмеси таасирдүү болуп чыкты — 75 саясий партия шайлоодо өз күчүн сынап көрүүгө ниеттенүүдө. Алардын арасында жаңы партиялар, ошондой эле чоң саясатта тажрыйбасы молдор дагы бар. Бирок атактуу «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Мекенчил» шайлоого барбайт.

Бул үч саясий партиянын алдыңкы онунун саясатчылары азыр эмне кылып жатышат:

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болуп ушул жылдын март айында дайындалган.

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Татьяна Кузнецова борбор калаадагы «Газпром» мектебин жетектөөдө.

Бул партиядан депутаттыкка үч талапкер Марлен Маматалиев, Жыргалбек Турускулов жана Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары. Марлен Маматалиев «Ынтымак» партиясын түптөгөн, азыр аны менен шайлоого барууга ниеттенүүдө.

Белгилүү журналист Эльнура Алканова шайлоодон кийин саясат айдыңында активдүү болгон жок.

«Биримдик» партиясынын айрым талапкерлеринин тагдыры анча жакшы болгон жок.

Партия лидери Марат Аманкулов мыйзамсыз баюу боюнча айыпталган, ал мамлекетке 50 миллион сом зыян келтирген. Тергөө башталгандан кийин депутат мандатын тапшырып, саясаттан кетти. Азыр Аманкулов үй камагында, анын иши боюнча тергөө аягына чыга элек.

Анын кесиптеши жана партиялашы Төрөбай Зулпукаров коррупцияга айыпталууда. Ал «Кумтөр» иши боюнча айыпталуучулардын бири. Сот аны тергөө аяктаганга чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.

Дагы бир «биримдиктин» мүчөсү Акылбек Жамангулов «Мегаком» компаниясын 2018 -жылдын октябрынан ушул жылдын мартына чейин жетектеген. Азыр ал эмне менен алектенип жатканы белгисиз.

«Биримдиктин» бештигине кирген депутат Евгения Строкова Жогорку Кеңештин депутаты бойдон.

Талантбек Иманов «ТНК Дастан» ишканасынын жетекчиси.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясынын талапкерлери учурда чоң кызматтарда отурушат.

Жазында президент «Мекенчил» мындан ары шайлоого барбайт экенин, андыктан административдик ресурс колдонулбай турганын жарыялаган. Кийинчерээк экс-депутат Жылдызкан Жолдошева Reporter.kg’ге берген маегинде бул саясий партия, чынында, азыр жок экенин айтты. Бирок, партиянын көптөгөн мүчөлөрү жаңы өкмөттүн тушунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алышкан.

Мурдагы шайлоодо аталган партиянын биринчи тизмесинде турган Камчыбек Ташиев учурда Улуттук коопсуздук мамлкеттик комитетин жетектөөдө.

Курманкул Зулушев Башкы прокурор.

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси.

Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри.

«Мекенчилдин» дагы бир нече мүчөлөрү райондук жана облустук администрацияларды жетектеп, ошондой эле президенттин кеңешчиси болушту.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>