“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен дагы 9 киши чыкты

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен дагы 9 киши чыкты

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен 9 киши чыгарылды, анын 7си аял. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 22-сентябрдагы отурумунда кабыл алды.

Аталган партиядан талапкерлер өз каалоосу менен тизмеден чыгуу тууралуу БШКга арыз жазышкан.

Алар: Хамракул Жаныкулов, Лунара Мамытова, Малик Ахметов, Сайкал Калиева, Алина Шакирова, Гулжамал Таирова, Мадина Абдукадырова, Сабина Айтыева, Бермет Касымова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>