Мелис Турганбаев: Милиционер кадыр-барктуу кесиптердин бири болушу керек

Мелис Турганбаев: Милиционер кадыр-барктуу кесиптердин бири болушу керек

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округунан аттанып жаткан талапкер Мелис Турганбаев укук коргоо органдарынын кызматкерлерин Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

«Урматтуу кесиптештер, ардактуу ардагерлер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм! Биздин кесип жоопкерчиликти талап кылган жана кооптуу кесиптердин бири. Бирок, биз өзүбүз ушул жолду — элге кызмат кылууну, коомдук тартипти сактоону тандап алдык. Кыргызстанда кандай гана окуялар болбосун, биздин милиция кызматкерлерибиз өз милдеттерин так аткарып, карапайым элге каршы чыкпаганын сыймыктануу менен белгилегим келет.

Өнүккөн өлкөлөрдө милиционер эң кадыр-барктуу жана сыйга татыктуу кесиптердин бири. Аталган өлкөлөрдө милиция кызматкерлерин социалдык жактан коргоого өзгөчө көңүл бурулат. Аларга эң ыйгайлуу эмгек шарттары түзүлгөн. Бул алардын аткарган ишинин жогорку натыйжалуу болушунун бирден бир себеби.

Ички иштер министри болуп турганымда бир канча шаарга милиционерлер жана алардын үй бүлөлөрү үчүн турак-жайларды куруп бердик. Көптөгөн РИИБ имараттарын, спорт залдарды, МШБларды, аймактык милиция бөлүмдөрүн жана участкалык пунктуларын ачканбыз. Кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу үчүн колубуздан келген аракеттерди жасаганбыз. Биз бул жумуштарды милиция кызматкерлери эч нерсеге муктаж болбошу жана өздөрүнүн кызматтык милдеттерине дыкат көңүл буруп аткарышы үчүн жасаганбыз.

Мен бүгүн кесиптик милдетин аткарууда өмүрүн берген бардык кесиптештерибизди эскерүүнү сунуштайм. Алар жөн жерден курман болгон жок. Мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин өз коопсуздугунан кам санабай, көчөдө эркин жүрө алышына ошол кесиптештерибиздин эмгеги чоң.

Урматтуу милиция кызматкерлери! Сиздерге үзүрлүү эмгектенүүнү жана ишиңиздерге эч кандай жагдай тоскоол болбошун каалайм! Милициянын көптөгөн ардагерлери күүлү-күчтүү жана ден соолугу жакшы. Алар өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө дайыма даяр. Кыргызстаныбыздын туруктуулугу жана өсүп-өнүгүүсү — баарыбыздын жалпы максатыбыз».

Ѳндүрүүчү:
Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетович.
Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 1-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбек кызы Карачач тарабынан төлөндү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>