«Мен алардын 99 пайызын тааныбайм». Садыр Жапаров аны менен сүрөткө түшкөндөр тууралуу пикирин айтты

«Мен алардын 99 пайызын тааныбайм». Садыр Жапаров аны менен сүрөткө түшкөндөр тууралуу пикирин айтты

Бүгүн, 30-январда Садыр Жапаров аны менен сүрөткө түшкөндөр тууралуу пикирин билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар! 6-октябрдан бери миңдеген жарандарыбыз менен сүрөткө түштүм. Айрыкча октябрь айларында кабылдамага ар кандай иштер менен келген адамдардын баары сиз менен сүрөткө түшүп алайынчы деп суранса жок дей албайт экенсиң. Шайлоодо үгүт учурунда жүргөн мезгилде дагы миңдеген адамдар менен сүрөткө түшүү болду. Чынымды айтайын, ошолордун 99 пайызын тааныбайм.

Айтайын дегеним, адам баласы бар жерде баары болот дегендей, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып калып жатат. Ошондуктан бирге түшкөн сүрөт көрсөтүп, маселемди чечип бер дегендерге алданбагыла жана дароо бизге кабар берип койгула. Жазасын беребиз», — деп жазылат билдирүүдө Жапаров.

Белгилей кетсек, 28-январда Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>