“Мэриянын «уважаемый бандиттери». Активист балдарга берилген тамакка нааразычылыгын билдирди

“Мэриянын «уважаемый бандиттери». Активист балдарга берилген тамакка нааразычылыгын билдирди

Активист Азият Жекшеев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бала бакчада берилген тамактарга нааразы болуп Бишкек шаарынны мэриясына кайрылуу жасады.

Ал өз билдирүүсүндө Көк-Жар конушунда жайгашкан №182 балдар бакчасында бөбөктөргө берилген тамактар начар экенин айтып, мекеменин жетекчисинин мэрияда ишенген адамдары бар экенин айтат.

“Мэриянын «уважаемый бандиттери»! Бишкектин бала бакчаларындагы балдарыбызды эмне менен тамактандырып жатасыңар? Бул сүрөт бүгүн Көк-Жарда жайгашкан №182 балдар бакчасында ата-энелер тарабынан тартылды. Итке бербеген тамакты кичинекей бөбөктөргө берип жатасыңар. Ата-энелердин кайрылуусуна аталган бала бакчанын жетекчиси кайра коркутуу менен чектелет. Балаңды чыгарып салам дегенге чейин барып, анткени мэрияда ишенгендери бар!

Бир тууган иниси Казыбек Эргешов Бишкек шаардык кеңештин «Республика-Ата-Журт» партиясынын бүгүнкү күндөгү депутаты. Ал эми учурда кайрадан БШКга «Ынтымак» партиясында тизмеде 5чи болуп талапкер. Бул дагы аздык кылып эми өз баласы Рустам Эргешов «Эмгек» партиясынын тизмесинде талапкер болуп баратат.

Чара көрөсүңөрбү? Же кичинекей бөбөктөрдүн ден соолугуна зыян тийгиче күтөсүңөрбү? Шайлоого жанталашпай күнүмдүк ишиңерди дагы карагыла”, — деп билдирүү жасаган Жекшеев.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Aziyat Jeksheev (@aziyat)

Бишкек шаарынын мэриясына кайрылганыбызда, маалымат берилерин убадалады.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>