Меркель Жапаровду Президенттин кызматына киришүүсү менен куттуктады

Меркель Жапаровду Президенттин кызматына киришүүсү менен куттуктады

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель Садыр Жапаровду президенттик кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Биздин өлкөлөрдү көп жылдан бери эле достук мамилелер байланыштырып келет. Биз ал алакаларды улантууну жана тереңдетүүнү каалайбыз. Германия келечекте да Сиздин өлкөнү колдоого, атап айтканда, экономикалык өнүктүрүү жана укуктук мамлекетти бекемдөөгө багытталган реформалар жаатында колдоого алат. Сизге күч-кубат, ден соолук жана Сиздин алдыңызда турган жооптуу милдеттердин жеңил чечилишин каалайм», — деп айтылат Ангела Меркелдин куттуктоо телеграммасында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>