Милиция Бишкекте аял өлгөн баласы менен тилемчилик кылып жатат деген маалыматка жооп берди

Милиция Бишкекте аял өлгөн баласы менен тилемчилик кылып жатат деген маалыматка жооп берди

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери кайыр сурап отурган  аялдын өздүгүн аныкташты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция бөлүмүнө Тоголок Молдо-Московский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз аял кичинекей баласы менен кайыр сурап отурганы, колундагы бала тирүү экени байкалбайт деген күбөлөрдүн билдирүүсү түшкөн.

Райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери дароо чакыруу болгон жерге барышкан, ал жерге келгенде баланын абалы жакшы экенин аныкташкан. Балалуу аялды өздүгүн тактоо үчүн Биринчи май РИИБне алып барылган.

Аялдын жанында өздүгүн тастыктаган документтер болгон эмес. Анын сөзү боюнча, ал Өзбекстандын жараны, анын аты-жөнү Ж.Ж., 1992-жылы туулган, учурда иштебейт, кайырчылык менен алектенет, кичинекей кыз 2016-жылы туулган А.А., анын кызы.

Бардык жагдайлар толук аныкталганга чейин бала балдарды социалдык адаптациялоо борборуна алып барылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>