Милиция: Чагымчылдарды жазага тартабыз

Милиция: Чагымчылдарды жазага тартабыз

Кыргыз милициясы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

“Ички иштер министрлиги жарандардан кастыкты жана жек көрүүнү козутуу аракетин камтыган материалдарга, чыгымчыл билдирүүлөргө ишенбөөнү суранат жана ошондой эле жарандарга кайрылып мессенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына кабарлап коюну суранат.Чындыкка дал келбеген жана укук тартибин бузууга түрткөн, кастыкты козутуучу жана кырдаалды туруксуздандырууга чакырган билдирүүлөрдү тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экендигин эскертебиз” – деп жазылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>