Милиция: Кадыр-барктуу үй-бүлөлөрдө да зомбулук болууда

Милиция: Кадыр-барктуу үй-бүлөлөрдө да зомбулук болууда

Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларын координациялоо жөнүндө өнүгүү стратегия иштелип чыгууда. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, старегияда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу багытында өз убагында чараларды көрүү, ал кырдаалды чечүү боюнча натыйжалууу чечимдерди кабыл алуу негизги орунда турат.

Ал тургай, кадыр-барктуу үй-бүлөлөрдө да зомбулук болуп турат.  Көп учурда зордук-зомбулуктан жабыркаган адам, үй-бүлөнүн аброюна шек келтирүүдөн коркуп, мамлекеттик органдарга эле эмес, досторунан жана туугандарынан да жардам сураганга батына албаганы менен татаалданышат.

Стратегия качан кабыл алынаары туурасында толук маалымдалган эмес.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>