Милиция карантин учурунда суицидге барган 7 окуучунун өлүмүн териштирүүдө

Милиция карантин учурунда суицидге барган 7 окуучунун өлүмүн териштирүүдө

Өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда,  коронавирустан улам мектеп окуучулары каникулга тараган убакта, тагыыраагы18-марттан 28-мартке чейинки убакта жаш өспүрүмдөр өзүнө кол салгандыгы жөнүндө 7 факт катталган.

Алардын ичинен Тоң районунда 2, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Ысык-Көл райондору боюнча бирден, Ысык-Ата району боюнча  2 өспүрүм өз өмүрүнө кол салшкан.

Териштирүүгө ылайык, каза болгон өспүрүмдөрдөрдүн төртөө атасы же апасы жок толук эмес үй-бүлөдөн болсо калгандары туугандарынын үйүндө жашап келишкен. Алар негизинен ата-энелери жана туугандары жок болгон учурда, күндүзгү маалда өзүнө озү кол салууга барышкан. 

[su_box title=»ИИМ эскертет!» box_color=»#5d2d80″] Урматтуу ата-энелер, жаш өспүрүмдө маанайынын төмөндөшү же башка депрессиялык абалдын белгилери байкалган учурда, токтоосуздан баланын бул абалдан чыгуусуна жардам берүү чаралары көрүңүздөр.[/su_box]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>