Милиция кош бойлуу келин тууралуу үн катты

Милиция кош бойлуу келин тууралуу үн катты

Ысык-Көлдө кош бойлуу келинди милиция кызматкерлери сабады деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-августта Каракол ШИИБине 22 жаштагы шаардын тургуну А.А. арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен саат 14:00 чамасында чогуу бир батирде жашаган бир тууган эжеси А.Г. жана жездеси Т. Н. экѳѳлѳп аны сабап, денесине жаракат келтиргенин билдирген.


«Уруштун негизги себеби болуп, анын паспортун уруксаты жок күрөөгө койгондугу себеп болгон. Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында алар арыз ээсин сабап, үй-бүлѳлүк зомбулук кѳрсѳткѳндөрү аныкталгандыктан. Ошондой эле аларга шектүү катары кабарлама берилип, соттун кароосуна жѳнѳтүлгѳн.

Ушундан улам милиция кызматкерлерине карата А.Г. тарабынан коюлган айыптар чындыкка дал келбейт. Өзүнүн жоопкерчилигин жашыруу максатында мыйзам чегинде кызматтарын аткарып жаткан милиция кызматкерлерин каралоо менен коомчулукка туура эмес маалыматтарды жарыялап жаткандыгын белгилейбиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, кечээ айрым ЖМКда Каракол ШИИБдин кызматкерлери кош бойлуу келинди сабагандан улам, келиндин боюнан беш айлык түйүлдүк түшүп калгандыгы жөнүндө маалымат тараган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>