Милиция кызматкери пара менен кармалды

Милиция кызматкери пара менен кармалды

Октябрь райондук Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары Н.Э.Д  4-ноябрда Көк-Жар айылында пара алып жаткан жеринен кармалды.  Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, атайын кызматтын жана Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери биргеликте кармашты.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери жарандарга карата алар акча уурдады деген жасалма билдирүүнү козгогон. Милиция кызматкери моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, ыкчам комбинацияларды колдонуп, кылмыш ишин токтотуу үчүн 80 миң сом талап кылган.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап пара талап кылуу») менен ЭПККга катталды.

Анын унаасын тинткенде ПМ, АК-47 үлгүсүндөгү гильзалар, «Өтө жашыруун» деген документтер жана Кыргызстандын жарандарынын бир нече паспорттору табылган.

Кармалган жаран УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>