Милиция кызматкерлери коронавируска каршы вакцина алууда — сүрөт

Милиция кызматкерлери коронавируска каршы вакцина алууда — сүрөт

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына коронавируска каршы вакцинациялоо жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөөнүн биринчи этабында медициналык каршы көрсөтмөсү жок милиция кызматкерлерине вакцина берилди. Алгач калк менен түз байланышта кызмат өтөшүп, инфекцияны жуктуруп алууга коркунучу бар болгон кызматкерлер эмдөөдөн өтүшүүдө.

Алардын ичинде, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, кайгуул-күзөт кызматкерлери, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жана башка кызматтардын кызматкерлери.

“Медициналык кароодон кийин мен вакцинанын биринчи компонентин алдым. Ден-соолугумдун абалы жакшы, азыр кызмат ордумда кызмат өтөп жатамын. Вакцинация инфекция менен күрөшүүгө жардам берет деп ишенем. Чындап айтканда, пандемия башталгандан бери медициналык кызматкерлер менен менин кесиптештерим коронавируска каршы күрөшүүдө алдыңкы катарда туруп келишти. Алар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Милициянын жана дарыгерлердин ишмердүүлүгү бир мүнөткө да токтогон жок. Ошондуктан, вакцина менен эмдөө милиция кызматкерлери үчүн жуктуруу коркунучун жокко чыгарат, өздөрүнүн үй-бүлөө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздандырат», — деген Ысык-Көл ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Мирбек Таабалдиев.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>