Милиция кызматкерлери сууга чөгүп жаткан адамды куткарып калышты

Милиция кызматкерлери сууга чөгүп жаткан адамды куткарып калышты

Патрульдук милицияга сынактан өткөн кызматкерлер “Аламедин-1” каналында сууга чөгүп жаткан адамды куткарып калышты. Жол коопсуздугу кызматынан билдиргендей, окуя 6-августта болгон.

«Милиция кызматкерлери окууга кетип жатып, жардам сурап кыйкырган адамдын үнүн угуп калышып дароо жардам көрсөтүшкөн. Натыйжада 21 жаштагы сууга чөгүп жаткан  адам куткарылып, “Тез жардам” кызматына өткөрүлүп берилген», — деп жазылат маалыматта.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>