Милиция Нарматованы кармаган эмес

Милиция Нарматованы кармаган эмес

Ош шаардык милициясы саясатчы Орозайым Нарматованын кармабаганын билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында Ош аэропортунан тергөөчүлөр тарабынан кармалып, Бишкекке алынып кеткени кабарланган.
Маалыматтарга караганда, ал Ошко келгенине бир канча күн болгон.  Оштон Орусияга учаарда кармалган.

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы ондук тизмеси менен шайлоого аттанган болчу.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Нарматова боюнча үн ката элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>