Милиция окуучуларга жол эрежесин үйрөттү

Милиция окуучуларга жол эрежесин үйрөттү

Сокулук районунда өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул туурасында Чүй облустук милиция билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 18-ноябрь күнү өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу бонча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүштү. Мектеп окуучуларына лекциялар окулуп, өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын себептери айтылып, мектеп окуучуларын жолдон өтүп жатканда атайын жөө өтмөктөрдөн өтүү жол кырсыктарын алдын алууга өбөлгө болоору айтылды.

Лекция учурунда балдарга жолдо жүрүү эрежелери эскертилип, кулакка таккыч менен музыка угуу, телефондон оюндарды ойноп жолдо басууда балдар жол кыймылына көңүл бурбай кооптуу учурларга туш болоорун айтышып, ар дайым жолдо жүрүү эрежерин так сактоону эскертишти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>