Милиция талапкер Бузурманкуловдун өтүнүчүн аткарды

Милиция талапкер Бузурманкуловдун өтүнүчүн аткарды

Талас округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айбек Бузурманкулов “унаалар менен добушканаларга киши ташып жатат, карап бергиле” – деп фейсбуктагы баракчасы аркылуу милиция кайрылган. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда,  «ДЭУ Матиз жана Хонда Степ сыяктуу ээлерин жана шайлоо участокторго ташылып келген жүргүнчүлөрдүн өздүгүн аныктап катуу көзөмөлгө алсаңыздар деп өтүнөм” – деп кайрылган.   Милиция ал кайрылуудагы унааларды издеп баштаган.  Ал видеодо көрсөтүлгөн унаанын айдоочусу такталып “Степвагон” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Б.Э. атасын, кошунасын жана жубайын шайлоого жеткирип, андан соң кайра апасын жеткирип келгендиги аныкталган. Текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми Талас шаарынын №6106 шайлоо участогунда “Матиз”үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 04 KG 916 ABZ болгон унаа келип, эки жаран түшүп добуш берип кетишкендиги жана кайра киши ташып келбегендиги аныкталган. Окуя боюнча кылмыштын, жоруктун жана укук бузуунун белгилери жок болгондуктан, топтолгон материал чыгышталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>