Милиция ымыркайды цементке ыргыткан аялды тапты

Милиция ымыркайды цементке ыргыткан аялды тапты

Социалдык тармактарда ымыркайды цементке ыргыткан аялдын видеосу тараган, аталган окуяга Чүй облустук ички иштер башкармалыгы реакция кылды.

Видеодо көрүнүп тургандай аял ымыркайды көтөрүп баратып, жөө жүргүнчүлөр өтө турган цемент жолго ыргытып жиберген. Андан соң кайра көтөрүп кетип калган.

Бул факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Reporter.kg’ге 2021 -жылдын 6 -октябрында окуя Кылмыш кодексинин «Үй -бүлөлүк зомбулук” беренеси менен Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө катталганын билдирди.

Изилдөөнүн негизинде аялдын өздүгү такталып, ал Кара-Балта шаарынын тургуну Н.Г. экени аныкталды. Анын айтымында, бул окуя балдар менен кечки сейилдөө учурунда болгон.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган текшерүү иш -чаралары жүргүзүлүүдө. Соттук медициналык экспертиза дайындалды, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

Ымыркайды цементке ыргыткан аялдын видеосу тарады

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>