Министр: Энергетика жаатында оор абал пайда болду

Министр: Энергетика жаатында оор абал пайда болду

Азыркы учурда энергетика жаатында оор абал пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, президент учурдагы энергетиканын экономикасын оор абалдан чыгаруу үчүн баанын котөрүлүшүн сунуштаган.

“Азыркы учурда энергетика жаатында оор абал пайда болду. Буга башка себеп энергетиканын экономикасын саясаттык жөнгө салуу механикасы менен алып баралы деген саясатчылар алып келди. Менин пикиримде саясаттык каражаттар менен жөнгө салуу болбойт. Мындан улам президент жана өкмөт энергетиканын экономикасын жөн коюп, экономиканын мыйзамдарына иш алып баралы дешти. Биздин оюбузча ушул туура”, — деди Турдубаев.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 21-апрелде энергетика тармагынын ардагерлери жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен болгон жолугушууда калк үчүн 700 кВт/с лимитти алып салуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>