Site icon Reporter.kg

Министр: Коронавирусту эмдөө менен гана жеңебиз

Коронавирусту эмдөө жолу менен гана жеңебиз. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев айтты.

Ал эмдөө ыктыярдуу негизде жана акысыз жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

«Өлкөнүн калкынан COVID-19га каршы эмдөөнү активдүү колдоону өтүнөм. Кечээтен бери 65 мобилдик клиника бардык аймактарда эмдөө иштерин жүргүзүп жатышат », — деди ал.

Белгилей кетсек эмдөө Кытайдын “Sinopharm” жана Орусиядан келген «Спутник V» вакциналары менен жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version