Министр: “Уу-коргошунду” Садыр Жапаров өзү кайнатууда

Министр: “Уу-коргошунду” Садыр Жапаров өзү кайнатууда

“Уу коргошунду президент экөөбүз кайнатып жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелдеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, дарынын кошулмасын президент Садыр Жапаров гана билет.

“Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо бул ыкманы президентке үйрөтүп кетиптир. Учурда аны даярдаганды президенттен башка эч ким билбейт. Мен андан күнүнө 1 сааттан бөлүп, келип көрсөтүп берүүнү суранып жатам”, — деди Бейшеналиев.

Анын айтымында, “Уу-коргошун” Ысык-Көл облусунда гана өсөт жана ал элдик медицинада кеңири колдонулуп келет.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>