Министр: Вакцинациядан биринчи журналисттер өтүүсү керек

Министр: Вакцинациядан биринчи журналисттер өтүүсү керек

Вакцинациядан биринчи журналисттер өтүүсү керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелдеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында COVAX программасынын алкагында 2 миллион 600 миң доза вакцина алуу сүйлөшүлгөн. Ошондой эле “Спутник V” вакцинасынын 1 миллион дозасына келишим түзүлдү, жакынкы арада 30 миң дозасы келет.

“Вакцинациядан биринчи журналисттер өтүүсү керек. Силер ишиңер боюнча көп элдерге жолугасыңар, силер аларды илдеттен сактайм десеңер эмдөөдөн өтүшүңөр керек”, — деди министр.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>