Министрлик: Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө 16-сентябрда башталат

Министрлик: Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө 16-сентябрда башталат

Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө 16-сентябрда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Эмдөө алгач Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, андан кийин өлкөнүн калган аймактарында жүргүзүлөт.

«Саламаттык сактоо министрлиги пландаштырган жана борборлоштурулган иш-чаралардын эсебинен сасык тумоого каршы эмдөөнүн 119 миң 663 дозасынын биринчи партиясын сатып алган. Учурда сатып алынган вакцина республиканын бардык аймактарына таратылууда, эмдөө 16-сентябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, андан кийин өлкөнүн бардык аймактарында башталат», — деп маалымдады министр.

Абдикаримов вакцинанын экинчи партиясын алуу, 700 миң доза 21-сентябрдан кийин чечиле турганын белгиледи.

«Ал эми вакцинаны алуунун үчүнчү этабы 27-октябрдан 1-ноябрга чейин күтүлүүдө, 70 миң доза вакцина алынып келинет. Профилактикалык эмдөө менен камтуу республиканын калкынын 13% түзөт. ҮМБ, ҮДТ, СПС жана ФАПтын медициналык кызматкерлери тарабынан эмдөө жүргүзүү үчүн, тобокел топко кирген  адамдар чакырылат», — деди Сабиржан Абдикаримов.

Эмдөө ыктыярдуу жана акысыз жүргүзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>