Министрлик чек арадагы атышуудан жабыркагандар тууралуу маалымат таратты (тизме)

Министрлик чек арадагы атышуудан жабыркагандар тууралуу маалымат таратты (тизме)

Саламаттык сактоо министрлиги Лейлек районундагы чек арада болгон атышуудан жаракат алгандардын абалы тууралуу маалымат тартты.

Министрликтин маалыматына караганда, жалпысынан 13 адам октон жарккат алган. Алардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо айыл тургундары. Мындан башка 1 аскер кызматкерине ок жаңылып, каза болгон.

11 адам Куралдуу күчтөрдүн аскердик учагы Бишкектеги ооруканаларга жөнөтүлөрү айтылууда.

Жаракат алган адамдардын тизмеси:

  1. Ж.Б., атту 1978 жылы туулган жергиликтүү тургун. Мойунунун артка тарабына учтуу нерсе кирген, абалы туруктуу;
  2. 12 жаштагы өспүрүм бала оң колуна ок тийген, абалы ортодон оор. Шок абалда болгондуктан аты-жөнүн айта албай жатат;
  3. Р.К., аттуу 1976 жылы туулган жергиликтүү тургун. Сол жамбашына ок тийген, абалы ортодон оор;
  4. У.Р., аттуу 1973 жылы туулган жергиликтүү тургун. Оң жак санына жана сол жак согончогуна ок тийген, абалы ортодон оор;
  5.  Э. Р., атту 1973 жылы туулган жергиликтүү тургун. Көкүрөгүнө ок тийген, абалы ортодон оор;
  6. А.З., аттуу 1978 жылы туулган жергиликтүү тургун. Сол жак мүрүсүнө ок тийген, абалы ортодон оор;
  7. Т.Ж., аттуу 1998 жылы туулган аскер кызматкери. Сол жак балтырына ок тийген, абалы ортодон оор;
  8. М.О., аттуу 1997-жылы туулган аскер кызматкери баш мээси чайкалган, оң жак көкүрөгүнө ок тийген, абалы оор;
  9. С. Ж., аттуу 1980-жылы туулган аскер кызматкери. Жонуна ок тиген, абалы ортодон оор;
  10. Т. М., аттуу 1989-жылы туулган аскер кызматкери. Далысына ок тийген, абалы ортодон оор;
  11. К.К., аттуу 1992 –жылы туулган аскер кызматкери. Башына ок тийген, абалы оор. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө;
  12. А.У., аттуу 1995-жылы туулган аскер кызматкери. Ашказанына ок тийген, абалы оор. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө;
  13. Т.у Э., аттуу 1989-жылы туулган аскер кызматкери. Далысына жана санына ок тийген, абалы оор;
  14. 1978-жылы туулган прапорщик Равшан Муминов октон каза блду.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>