Министрлик: Кыргызстанда жумуш учурунда коронавирустан каза болгон 18 медикке 1 млн сом кенемте төлөндү

Министрлик: Кыргызстанда жумуш учурунда коронавирустан каза болгон 18 медикке 1 млн сом кенемте төлөндү

Жумуш учурунда коронавирустан каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын Комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө, коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилген.  Мындан сырткары, дагы 34 учур каралып, иликтенип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медкызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:

Ош облусунан -113 документ;

Талас облусунан – 33;

Чүй облусунан – 337;

Баткен облусунан – 25;

Нарын облусунан – 35;

Ысык-Көл облусунан – 48;

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) – 14 документ келип түшкөн.

Муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800  документ каралып жаткан учуру.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>