Министрлик: Мектептердеги ысык тамакка делген азык-түлүктөр окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратылууда

Министрлик: Мектептердеги ысык тамакка делген азык-түлүктөр окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратылууда

Билим берүү жана илим министрлиги Мерсико уюму менен биргеликте Кыргызстандагы 440 мектепте пайдаланылбай калган азык-түлүктөрдү башталгыч класстагы окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мерсико уюму 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак берүү программасынын алкагында республикадагы 440 мектепти төрт түрдүү азык-түлүк (буурчак, күрүч, өсүмдүк майы, ун) менен камсыздап келет. Жалпы билим берүү уюмдары аралыктан билим берүүгө өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу аталган мектептердеги азыктардын калдыгы пайдаланылбай калган. Учурда алар балдары башталгыч класстарда билим алган үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилип жатат.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасы менен биргеликте мектептеги тамак-ашка мерчемделген 116 тонна байытылган унду башталгач класстарда билим алган окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратып берүүнү баштаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>