Министрлик: Жоолукчан кыздар бардык мектептерде жакшы эле окуп жатат

Министрлик: Жоолукчан кыздар бардык мектептерде жакшы эле окуп жатат

Кыргызстанда окуучулардын динине байланыштуу мектепке келүүсүнө тоскоолдуктар жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министринин орун Басары Надира Жусупбекова билдирди. 

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров жоолукчан мектепке келген окуучунун укугу тебеленгендиги боюнча маселе көтөрдү.

“Мугалим кичине кызды жээрип окууга киргизбей жатыптыр. Конституцияга ылайык, алардын социалдык абалына, динине ж.б. башка көптөгөн ушул сыяктуу нерселер менен чектөө болбошу керек. Кенедей кыздардын жоолугуна асылбасын.  Мугалимдер кичинекей окуучулардын укугун тебелеп жатат. Алар эмне укугун билбейби. Эмнеге буга жол берилип жатат?”, — деп суроо узатты. 

Буга Жусупбекова динине байланыштуу окуучуларга чектөө жоктугун айтты. 

“Биздин билим берүү жайларындагы бир да мугалим эч качан баланын билим алуусун чектебейт. Каалаган мектепке кирип, көрсөңүз болот форма кийген окуучулар менен кошо жоолукчан кыздар да отурганын көрөсүз. Бирок айрым бир башка багыттагы ишенимге ишенип алган ата-энелер балдарын көзүн гана ачып толук чулгап салат. Ошондой учурда бул бала кичинекей анын укугун бузбаңыз деп түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Азыр Бир да мугалим жоолук салынганын үчүн кызды мектепке келбе деген факты жок”, — деди Жусупбекова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>