Минкаб: Быйыл 150 млрд сом салык жыйналышы керек

Минкаб: Быйыл 150 млрд сом салык жыйналышы керек

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында 11-январда кеңешме өткөрдү.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Салык кызматынын алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлган.

“Үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 млрд сомго жакын салык жыйноо, ал эми Бажы кызматынын алдына 100 млрд сомго жакын акча жыйноо планы коюлган”, — деди ал.

Кеңешменини жүрүшүндө Салык кызматынын өкүлдөрү 2022-жылга карата иш планы тууралуу, анын ичинде виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акцизди киргизүү, санариптик продукцияны киргизүү аркылуу салыктык башкарууну күчөтүү, ККМ жана КНСти көзөмөлдөө боюнча аналитикалык тутумду ишке киргизүү тууралуу маалымат беришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>