Минкаб туризмди өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү

Минкаб туризмди өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жыйын өткөрдү.

Тиешелүү министрликтин башчысы Азамат Жаманкулов өлкөнүн тарыхый-маданий жана жаратылыш баалуулуктарынын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды берди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, мамлекет башчынын жарлыгы менен Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн.

“Биз экономиканын приоритеттүү тармагы – туризмди өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, туристтер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Туристтик объекттерге алып баруучу бардык жолдор аларды андан ары реконструкциялоо жана тейлөө үчүн Транспорт министрлигинин балансына өткөрүлүүгө тийиш. Туризмдин билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттарына жана туризмдин башка түрлөрүнө басым жасашыбыз керек», — деди Жапаров.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>