Мирлан Бакиров: Айыл-чарба министрлигинин ишмердүүлүгү начар

Мирлан Бакиров: Айыл-чарба министрлигинин ишмердүүлүгү начар

Айыл-чарба министрлигинин ишмердүүлүгү начар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин  агрардык саясат, суу ресурсу, экология жана региональдык өнүгүү комитетинин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.

Ал айыл-чарба министрлиги бирдиктүү саясат жүргүзө албай жаткандыгын сынга алды.

«46 миң гектарлык жаңгак токоюу көп киреше тапканга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок өлкөдө рационалдык жана эффективдүу башкаруу жок. Токой жер фондунан түшкөн каражатты жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарына өткөрүп берүү сунушун берем», — деди Бакиров.

Долбоорлорду ишке ашыруудагы бирден-бир маселе – каржылоонун жоктугу болуп эсептелинет. Айыл-чарба министрлигине түшкөн сунуштарга карабастан, аталган тармак эл өкүлдөрүнүн демилгелерин четке кагышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>