Мирлан Бакиров: Мамлекеттик чек арага курулуш жүргүзүү менен Тажикистан эл аралык тажрыйбаны бузду

Мирлан Бакиров: Мамлекеттик чек арага курулуш жүргүзүү менен Тажикистан эл аралык тажрыйбаны бузду

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен төраганын орун басары Мирлан Бакиров баштаган депутаттар тобу Баткен облусунун Лейлек районуна барып келди. Аталган топко төраганын орун басары Аида Касымалиева, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов жана Таабалды Тиллаев кирген. Эл өкүлдөрү Максат айылынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү ооруканада дарыланып жаткандардын абалы менен таанышты. Ошондой эле окуяда каза болгон “Бөрү” атайын адистештирилген отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун жакындарынан кабар алышты.

“Эл аралык тажрыйбага ылайык талаштуу, такталбаган мамлекеттик чек ара тилкелери өзгөчө макамга ээ. Андай тилкелерге социалдык жана башка мекемелердин курулушун жүргүзүүгө болбойт. Ал эми Тажикистан курулуш баштоо менен эл аралык тажрыйбаларды бузду”, – деди Бакиров.  

Тиешелүү мыйзамдарды жана мурда кабыл алынган Жогорку Кеңештин айрым токтомдорун аткаруу маселесин көтөрүп чыгууну көздөп жатканын айткан Мирлан Бакиров: “Башкысы мамлекеттик чек аралардын делимитация жана демаркация маселелерин чечүүнү тездетүү зарыл”,– деди.

Муну менен катар бардык бийлик органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруусу керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, төраганын орун басары Мирлан Бакировдун айтымында, депутаттар тобу аталган чек ара маселесин парламент жыйынына да алып чыгууну мерчемдөөдө.  

“Бул чек арадагы талаштуу жагдай бүгүнкү же кечеги күндүн гана көйгөйү эмес. Абал өтө курч экенин эске алуу менен маселелени сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү керек”, – деди ал.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>