Мирлан Самыйкожо: Эл сыймыгы болгон Саламат эжебиздин көңүлүн кирдетпейли

Мирлан Самыйкожо: Эл сыймыгы болгон Саламат эжебиздин көңүлүн кирдетпейли

Интернет айдыңына белгилүү ырчы Саламат Садыкованын жана бир нече адамдын кыргыздар тууралуу талкуулап жаткан видеосу тарады.  Бул бир мүнөттүк видеодо  адамдар “таза кыргыздар” Кыргызстандын кайсы жагында экенин талкуулашып, Оштун бир нече районун анан Нарын облусун аташкан. Тасмадан Саламат Садыкованын  “Нарындыктар кытайлашып кеткен” деген пикири коомчулукта кызуу талкуу жаратып, ырчынын дарегине интернетте ачуу сындар айтылып баштады.

Мына ушул талаш-талкуу тууралуу акын Мирлан Самыйкожо да пикирин билдирип, Саламат Садыковага сын айтып жаткандарды сабырдуу болууга чакырды.

“Сөздүн сөздөй баркы бар, отуз эки наркы бар дейт! Сөз тереңин түшүнүп баа берели. Эл сыймыгы болгон эжебиздин көңүлүн кирдетпейли. Саламат эже бар болуңуз! Сизди сыйлайбыз”, — деп билдирүү калтырган Самыйкожо.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>